Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:18

Обама Пакистандын экстремизм менен начар күрөшүн сындады


АКШнын президенти бүгүн Пакистан бул жаатта аракет көрүп жаткандыгын, бирок ал жетишсиз экендигин билдирди. Барак Обама Индиянын Мумбай шаарында сүйлөгөн сөзүндө Индия менен Пакистандын «өтө чырмалышкан» татаал орток тарыхы бар экендигин белгилеп, Пакистандагы туруктуулукка жана бул өлкөнүн гүлдөп өсүшүнө биринчи кезекте Индия кызыкдар болушу керек деди.

Пакистанда жума күнү эки мечитке кол салууда кеминде 55 киши набыт болуп, 100 чактысы жараат алган эле. Жарадарлардын бири Мохамад Юнус Пешавардагы ооруканадан буларды билдирди:

- Биз сунна намазды окуп, анан милдеттүү болгон жума намазга киришкенде, жанкечти элдин ортосуна секирип түшүп, өзүн жардырып жиберди. Ызы-чуу түшүп эле калдык.

XS
SM
MD
LG