Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

10-ноябрда укук коргоочу А.Аскаровдун соту уланат


10-ноябрда Таш-Көмүрдө Жалал-Абад облустук соттук коллегия укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланыштуу ишти кароону улантат. 4-ноябрдагы соттук териштирүүдө жабырлануучу катары Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мамыржан Мергентаев, УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы, ошол кызматтын 3 оперативдүү кызматкери жана окуяны алгач териштирген тергөөчү көрсөтмө берген.

Базар-Коргондо милиция кызматкерин өлтүргөн, башаламандык уюштурган деген айып менен Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Райондук сот андан тышкары дагы эки кишини жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Соттун бул өкүмүн айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG