Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Ирактык саясатчылар туңгуюктан чыгууга аракеттенишүүдө


Парламенттик шайлоодон 8 ай өткөндөн кийин Ирактын саясий күчтөрү өкмөт түзүү жөнүндө мунасага келишти деген ишара пайда болду. Алар бүгүн жолугушуу өткөрүшмөкчү. Өкмөттүн басма сөз катчысы Али ал-Дабагдын айтымында, келишимге жетишкен күчтөр Жалал Талабанинин мамлекет башчы, ал эми Нури ал-Маликинин премьер-министр болуусун колдошот. “Иракия блогу” болсо парламенттин спикерин сунуш кыла алат. Ажанс Франс Пресс агенттигинин кабарына ылайык, мурдагы өкмөт башчы Ияд Аллавинин суннилер колдогон “Иракия блогу” келишим тууралуу маалыматты тастыктады, бирок негизги кызматтар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ал-Дабаг айрым маселелер кала бергенин, бирок парламент спикерин шайлоо үчүн 11-ноябрда чогулат деген үмүтүн билдирди. Бул – жаңы өкмөт курууга карай алгачкы кадам болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG