Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Сот “Акыйкаттын” шайлоо боюнча арызын канааттандырган жок


Кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин маалымдашынча, Бишкектеги Биринчи май райондук соту “Акыйкат” партиясынын арызын четке какты. Аталган партия добуштарды кайра эсептөөнү, эгер кайра саноо маалында мыйзам бузуулар катталса шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, андагы күнөлүүлөрдү аныктап жоопко тартууну талап кылып сотко кайрылган. Азыр Биринчи май райондук соту “Жашасын Кыргызстан” партиясынын добуш берүүнү жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызын карап жатат. Буга чейин Жогорку Сот шайлоо боюнча 10 арыз түшүп, алардын алтоо боюнча сот канааттандырбоо тууралуу чечим чыгарганын билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG