Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Ноокенде укук коргоочу Азимжан Аскаровдун соту уланат


Бүгүн Жалал-Абад облусунун соттук коллегиясы укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланыштуу ишти кароону улантат. 4-ноябрдагы соттук териштирүүдө Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мамыржан Мергентаев жабырлануучу катары, УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы, коопсуздук кызматынын 3 оперативдүү кызматкери жана окуяны алгач териштирген тергөөчү көрсөтмө берген.

Милиция кызматкерин өлтүргөн, башаламандык уюштурган деген айып менен Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Азимжан Аскаров айыптардын бардыгын четке кагып келет. Соттун бул өкүмүн айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG