Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:34

Кара-Суу, Аравандын айрым жерлери Ош шаарына өтөт


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, жер басып алууларды уюштуруп жатат деген дооматтарды четке какты. Мэр муну саясий атаандаштарынын каралоосу катары баалады. М. Мырзакматов Ош шаарында жерге муктаждык чоң экенин, жер сурап арыз менен кайрылгандардын саны 35 миңден ашканын, кайрылбагандарды кошкондо мындан да көп болорун билдирди. “Жер боюнча маселе баары бир чыкмак”, деди мэр.

М. Мырзакматовдун айтымында, Ош шаарында Кара-Суу жана Араван райондорунун анклавдары бар, аталган райондордон жалпысынан 14 миңден ашуун гектер жер шаарга өтөт. Бирок буга Ишкеван жана Кызыл-Кыштак айылдарынын үлүш жерлери жок. Кабарчыбыз Эрнист Нурматовдун маалымдашынча, азыр аталган айылдарынын жерлерин басып алган элүү чакты адам жер муктаждыктар боюнча комиссия түзүп, облустук акимчиликте жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолукканы жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG