Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Палестин бийлиги жаңы шарт койду


Палестина бийлиги Израиль жаңы конуштарга мораторийди Иордан дарыясынын батыш жээгинде гана эмес Чыгыш Иерусалимде да киргизүүгө тийиш деген талап койду. Палестина автономиясынын жогорку даражалуу өкүлү Саеб Эрекаттын айтымында, мындай шарт аткарылганда гана, Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрү улантылат. Ушу тапта Израиль АКШнын сунушун караштырып жатат. Вашингтон Иордандын батыш жээгинде жөөт конуштарын курууну 3 айга токтотуу демилгесин көтөргөн. АКШ болсо ал үчүн БУУнун Израилге каршы багытталган резолюцияларына вето коюуга жана Тел-Авивге 20 заманбап согуштук учак сатууга убада кылды. Палестина менен Израилдин тынчтык сүйлөшүүлөрү быйыл сентябрда жанданып, көп узабай токтоп калган.

XS
SM
MD
LG