Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Апрель окуясынын жабырлануучулары сот жараянын күтмөк болушту


Апрель окуясы боюнча соттун кийинкиге калтырылышына нааразы болгон жабырлануучулар вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров менен жолугуп чыгышты. Алардын өкүлүнүн “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, А. Бекназаров аткаруу бийлиги сотко кийлигишпегендигин түшүндүргөн. Вице-премьер-министр сот жараянынын узартылып калуусу жабырлануучулардын тартибинен да көз каранды болуп жатканын айтып, жабырлануучуларды сабырдуулукка чакырган. Айрым жабырлануучулар өздөрүнүн укугун коргоо үчүн мамлекет адвокат жалдап берсин деген талапты да коюшууда. “Мекен шейиттери” кыймылынын мүчөсү Аида Босунова сот жараяны учурунда тынчтыктын сакталышына жабырлануучулар өздөрү да кызыкдарлыгын билдирип, жабырлануучулар келерки дүйшөмбүдө боло турган сот процессин күтмөк болушканын “Азаттыкка” кабарлады.

Апрель окуясы боюнча сот 17-ноябрда Бишкектеги спорт сарайында башталган. Анда жабырлануучулар айыпталуучулардын жана алардын адвокаттарынын дарегине жагымсыз сөздөрдү айтып, кыйкырык-чуу салышкан. Бүгүнкү сот жараянына катышуудан 15 адвокат баш тартып, алар өздөрүнүн коопсуздугун камсыздоо өтүнүчү менен сотко кайрылышты. Сот процессти 22-ноябрга калтырды.
7-апрель күнү куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп 28 киши айыпталууда. Алардын башында турган экс-президент К. Бакиев, экс-премьер-министр Д. Үсөнов, Коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы М. Суталинов, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Ж. Бакиев, “Арстан” атайын кызматынын башчысы Байыш Эсенбай уулу жана экс-президенттин уулу М. Бакиевге “массалык киши өлтүрүүлөр боюнча” сырттан айып тагылган. Ал эми мурунку коргоо министри Бактыбек Калыев, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев жана штаб башчысы Данияр Дунганов УКМКнын камагында отурушат.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы К. Жороев, президенттик катчылыктын башчысы О. Малеваная, экс-президенттин кеңешчиси Э. Сатыбалдиев жана мурунку Баш прокурор Н. Турсункулов үй камагына алынган.

7-апрелдеги массалык киши өлтүрүү боюнча айыпталып камалган “Альфа” атайын кызматынын башчысы Алмаз Жолдошалиев баштаган сегиз, ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын жети кызматкеринин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө боюнча тил кат менен камактан бошотулушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG