Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Өкмөт дыйкандардан буудайды 12 сомдон сатып алат


Буга чейин өкмөт дыйкандардан буудайдын 1 килограммын 10 сомдон сатып алмак болгон, бирок базарда баа көтөрүлгөнүнө байланыштуу өкмөт да бааны 12 сомго чыгарды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Александр Костюк маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул дыйкандарды колдоо максатында ишке ашырылууда. Бүгүнкү күнгө чейин дыйкандардан 7 миң тонна буудай сатылып алынды, жалпы 40 миң тонна буудай сатылып алынмакчы.

Өткөн жылдары да мамлекет буудайды дыйкандардан 1 килограммды 16 сомдон сатып аларын билдирип, кийин 10 сомдон сатып алууга өткөн. Бул өз кезегинде дыйкандардын нааразычылыгын туудурган. Учурда 1 килограмм ундун орточо баасы 20 сом. (ZKo)

XS
SM
MD
LG