Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

КТРКнын Байкоочу кеңешин таратуу талап кылынууда


Коомдук телерадиокомпаниянын башкы директорлугуна талапкерлердин бешөө мындай өтүнүч менен Жогорку Кеңештеги фракция башчыларына кайрылышты. Алар убактылуу өкмөт тарабынан бекитилген жобо Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүн тандоо учурунда так сакталбагандыктан телерадио тармагын ичинен билген адискөй адамдар курамда азчылыкты түзүп калды деп эсептешет. Кат ээлери фракция башчыларынан КТРКнын Байкоочу кеңешинин азыркы курамын таратууну, жаңы курам тандоо бийлик бутактары толук жаңылангандан кийин жүргүзүлүүсүн жана КТРКнын жетекчилигин дайындоо жана кызматтан алуу жараяны Жогорку Кеңештин макулдугу менен ишке ашырылуучу норма киргизүүнү өтүнүшкөн. Катка беш талапкер кол койгон.

1-ноябрда башталган Коомдук телерадиокомпаниянын башкы директорунун орду үчүн сынак 20-ноябрда аяктап, талапкерлердин ичинен татыктуусун тандоо 24-ноябрда жүргүзүлөрү кабарланган. Байкоочу кеңеш тарабынан мурда жарыяланган сынакка 22 талапкер катышып, 2-айлампага 4 талапкер чыккан. Анда Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна мурдагы президент К. Бакиевдин катчылыгында иштеген Илим Карыпбеков ээ болгон. Бул ошол эле Байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразылыктарды жараткан соң Илим Карыпбеков талапкерлигин өз ыктыяры менен алып салып, жаңы сынак жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG