Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Карызга баткан Ирландиянын премьер-министри кызматтан кетпейм деди


Өкмөт-башчы Брайян Коуэн өлкөнүн парламенти маанилүү чукул жардам боюнча бюджетти бекиткенден кийин таркатылаарын билдирди. Премьер-министр өзү Евробиримдик жана Эларалык валюта кору сөз берген акчалай жардамды өлкө алганга чейин кызматтан кетпей турганын айтты. Буга чейин оппозиция анын кызматтан кетишин талап кылган. Донорлор экономикалык кризиске кептелген Ирландияга 100 млрд.еврого жакын жардам берээрин билдиришкен. Евробиримдиктин лидерлери Ирландиядагы кризис жалпы еврозонага терс таасирин тийгизет деп, ага ыкчам жардам керектигин айтышкан эле.

XS
SM
MD
LG