Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Бишкекте кар тазалагыч машинадан бешөө эле бар


Шаар мэри Иса Өмүркуловдун айтымында, кыштан чыгуу үчүн борбор калаага кар тазалоочу жана кум чачуучу жетимиш машина талап кылынат. Ошондуктан, калың кар түшсө маселе болбосу үчүн башка техникаларды даярдоого аргасызбыз, деп билдирди шаар мэри өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча комиссиянын жыйынында. Иса Өмүркулов ошентсе да шаардык бийлик кышка толук даярдыгын, муниципалдык кызматтар тарабынан муз жолдорго чачылуучу туз жана кум сатылып алынып жатканын кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG