Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:54

Баткен, Жалал-Абад, Оштун айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча Кыргызстандын башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3 даража, күндүзү 9...14 даража жылуу болот. Таласта түнкүсүн 0...5 градус, күндүзү 7...12 градуска жылыйт. Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -2...+4 градус, күндүзү 8...13 градус жылуу болот. Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2 градус, күндүзү 7...12 даража, ал эми мал киндиктүү Нарында түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүзү 4...9 даража жылуу болот. Бишкекте түнкүсүн 0...2 градус, күндүз 11...13 даражага жылыйт.

XS
SM
MD
LG