Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 06:34

Кыргызстан менен Индия аскерий кызматташтыкты өнүктүрөт


Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Ихунчока Стобдана жана аскер атташеси Раджа Субрамани менен жолугушту. Аталган министрликтин маалымдашынча, анда тараптар аскерий жана аскерий-техникалык кызматташууну өнүктүрүү, эл аралык терроризмге каршы күрөш тууралуу талкуу курушту. Индия тарап Аскер институтунда англис тилин үйрөтүү боюнча атайын класс ачууга көмөктөшүүгө макул болду. Аталган эки өлкө аскер-техникалык жаатта кызматташуу боюнча меморандумга 1997-жылы кол койгон. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG