Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Камбар-Ата-2 ГЭСинен электр кубаты бүгүндөн тарта чыгарыла баштайт


Бул туралуу “Нарынгидроэнергокурулуш” ишканасынын өкүлү Нурбек Исмаилов “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Маалыматка ылайык, Камбар-Ата-2 ГЭСинде ушул тапта 70 миллион куб метр көлөмүндөгү суу бар. ГЭСтин баш аягы үч турбинасы болсо, алардын бирөөсү гана электр кубатын чыгара баштамакчы. Бир турбинанын ишке киришүүсү менен жылына 700 млн. кВт/саатка жакын электр энергиясын алууга болот. Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты символикалык түрдө 2010-жылдын 30-августунда ишке киргизилген. Андан кийин айрым бир тиешелүү иштерин жүргүзүү үчүн токтотулган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG