Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Ошто иш кагаздарын мамлекеттик тилде гана жүргүзүү талабы коюлду


Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев “Азаттыкка” билдиргендей, облус жетекчилиги аймактагы бийлик өкүлдөрүнө 1-декабрдан баштап жазуу түрүндөгү кабарлашууну мамлекеттик тилде гана жүргүзүү талабын койду. Буга айрым кызматкерлер орус тилинде сабатсыз жазып, алардын каттарынын мааниси түшүнүксүз болуп жатканы себеп болгон. Мындан сырткары иш кагаздарын кыргызча жазуу аркылуу тилдин деңгээлин көтөрүп, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу максат кылынууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG