Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Иран ЦРУ менен Моссадды айыптады


Ирандын ички иштер министри Мустафа Мухаммед Нажжар АКШ жана Израилдин коопсуздук кызматтарын - ЦРУ менен Моссадды ирандык окумуштууну өлтүрдү деп айыптады. Дүйшөмбү күнү таң эрте Тегеранда эки башка бомба чабуулунан ядролук физика боюнча бир илимпоз өлүп, экинчиси катуу жарадар болгон. Маалыматтарга караганда, Тегерандагы Шахид Бехешти университетинин ядролук инженерия бөлүмүнүн кызматкери Мажтд Шахриари анын унаасына мотоциклист ыргыткан бомбадан набыт болгон. Ал эми ядролук физика боюнча адис Фаридун Аббаси оор жараат алган.

Мухаммед Нажжар окумуштууларга кол салууну “Ирандагы илимий жетишкендиктерди токтотууга багытталган аракет” деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG