Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

“Ата Мекен” КСДП жана "Республика" менен коалиция түзүүгө макул болду


Бул тууралуу “Азаттык үналгысына” “Ата Мекен” партиясынын парламенттик фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Бүгүн аталган фракция Социал-демократтардын коалицияга кирүү тууралуу сунушун талкулоо үчүн чогулушту. “Республика” фракциясы буга чейин КСДП менен биригүүгө даяр экенин билдирген. Ө. Абдрахманов азыр коалиция боюнча макулдашуунун шарттары кагаз бетине түшүрүлүп жатканын, бүгүн кечинде, же 1-декабрда эртең менен үч фракция келишимге расмий кол койорун билдирди. Маалыматка караганда, коалициялык сүйлөшүүгө ылайык Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев - өкмөт башчы, “Республиканын” төрагасы Өмүрбек Бабанов - биринчи вице-премьер-министр, ал эми “Ата Мекендин” жетекчиси Өмүрбек Текебаев - Жогорку Кеңештин төрагасы (спикер) болмокчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG