Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Олег Акимушкин (1929-2010): Элеси көөнөрбөс чыгыш таануучу


Көрүнүктүү орус чыгыштаануучусу, иранист, Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору Олег Федорович Акимушкин 82 жашында дүйнө салганына бир айдан ашуун убакыт болуп калды. Ал орто кылымдардагы кыргыз тарыхы боюнча да бир катар илимий макалалар жарыялап, 15-кылымдагы кыргыздар тууралуу фарсы булактарынан үзүндүлөр которгон.

Орустун азыркы доордогу көрүнүктүү чыгыш таануучуларынын бири, фарсы булактары боюнча мыкты адис Олег Федорович Акимушкин (1929-2010) быйыл 31-октябрда узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарды интернеттен окуп, терең кайгырдык.

Чыгаан булак таануучу

Аны кыргыз тарыхчылары жана чыгыш булактарын иликтөөчүлөрү өздөрүнүн устаты катары баалашчу.

Маркум Акимушкин тууралуу Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу факультетинин деканы, фарсы булактары боюнча адис, тарых илимдеринин кандидаты Таласбек Машрапов мындайча эскерет:

- Олег Федорович Акимушкин кыргыз тарыхнаамасына - айрыкча фарсы тилиндеги кыргыздардын тарыхы жөнүндө маалыматтары бар илимий булактарды изилдөөдө жана алардын илимий жана тарыхый маанисин, илимдеги ордун ачып көрсөткөн, - дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал иранист, филолог, тарыхнаамачы катары белгилүү болгон. Ал киши илимий чөйрөдө иран таануу боюнча, айрыкча булак таануу боюнча дүйнөдөгү эң белгилүү окумуштуу катары абдан жогору кадыр-баркка ээ киши эле.


Олег Акимушкин 1929-жылы туулган. Улуу Ата мекендик согушка катышкан.

1953-жылы Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) мамлекеттик университетинин чыгыш таануу факультетинин иран филологиясы кафедрасынан окуусун аяктап, ошондон тартып өмүрүнүн акырына чейин СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө - азыркы Орусия Илимдер академиясынын Чыгыш кол жазмалар институтунун Ортоңку Чыгыш бөлүмүндө иштеп келди.

Кыргыз таануудагы салымы

Чыгыш таануучу Таласбек Машрапов мырза маркум Олег Акимушкиндин кыргыз таануу жаатындагы көөнөргүс салымдарын да учкай эскере кетти.

- Эгерде кыргыз тарыхына Олег Федорович Акимушкиндин кошкон салымын карачу болсок, эң биринчи кезекте, "Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча материалдар" деген 1973-жылы ленинграддык окумуштуулар тарабынан даярдалган чоң илимий мааниге ээ болгон бир жыйнак чыккан.

Ушул жыйнакта О.Ф.Акимушкин бир катар фарсы тилиндеги булактарды орус тилине которгон.

Алардын кээ бирлерин атай кетсек - бул "Зафар-наме", Низам ад-Дин Шами дегендин китеби, "Искендердин аноними" деген эмгектин котормосун, Шараф ад-Дин Йаздинин "Зафар-наме" эмгегин, - булардын баары Тимурдун кезиндеги тарыхнаамачылар болгон, - Абдразак Самаркандинин "Матла саадайн ва мажма бахрайн" эмгеги... Бул Самарканди белгилүү окумуштуу болгон, Тимурдун мезгилинде.

Ушуларды орусчага которуп терең илимий комментарий жазган окумуштуулардын бири
.

Таласбек Машрапов мырза маркум Акимушкиндин орто кылымдардагы Шах Махмуд Чурас деген окумуштуунун фарсы тилиндеги тарых эмгегин орусчага которгонун жана Шах Махмуд Чурастын кыргыздар тууралуу маалыматтарын өзгөчө иликтөөгө алганын баса белгилеп, андан тышкары маркум окумуштуу кыргыздар тууралуу бир катар макалалар жарыялаганын да эскерди:

- Андан сырткары Олег Федорович Акимушкин кыргыздарга байланыштуу бир катар илимий макалалар да жазган. Эсимде бар, өзбек-могол союзуна каршы кыргыз-казак союзунун түзүлүшү деген чоң макаласы илимий изилдөөлөрдүн негизинде жарыяланган.

Анда казактар менен кыргыздар өзбектер менен (Чыгыш Түркстандагы) моголдордун биримдигине каршы чыккан 16-кылымдын 30-40-жылдары болгон чоң окуяны абдан терең изилдеп, абдан кеңири маалыматтардын негизинде абдан кылдаттык менен, жогорку илимий деңгээлде жазып чыгарган
.


Ал кыргыздын азыркы чыгыш таануучу аалымдары Анвар Мокеев, Таласбек Машрапов, Тынчболот Жуманалиев, Таалайбек Бейшеналиев, Кубан Жусаев, Акыл Кылычевге жана башкаларга фарсы булактары жаатында бир катар кеп-кеңештерин берген.

Ал чыгаан арабист Анас Халидов, кытай таануучу Евгений Кычанов менен чогуу иштеген.

Маркум Олег Федорович Акимушкин менен ушул саптардын ээси да Ташкен, Бишкек, Санкт-Петербург шаарларында көп ирет кездешкен.

Айтмакчы, айрым окумуштуулардын кыргыздар 16-кылымдан кийин гана азыркы Кыргызстанга көчүп келген деген жоромолдорун четке кагып, Акимушкин мырза 15-кылымда эле фарсы булактары кыргыздарды Теңир-Тоо аймагын байырлап келген көчмөн эл катары көрсөткөнүн белгилеген.

Бул окумуштуунун салымдарын кыргызстандыктар да жогору баалап, 1992-жылы ага Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамын ыйгарышкан.

Кыргыз тарыхчылары жана булак таануучулары маркум Олег Акимушкиндин жаркын элесин жүрөгүндө терең сакташат.
XS
SM
MD
LG