Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Аба ырайы: 5-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча 5-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7 градус, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22, күндүзү -2…-7 градус суук болот. Баткен аймагында түнкүсүн -7…-12, күндүзү 0…-5 градус, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүзү 0…-5 градус суук күтүлөт. Ысык-Көл ойдуңунда абанын температурасы түнкүсүн -12…-17, күндүзү -1…-6 градуска чейин төмөндөсө, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүзү -3…-8 градуска барабар.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болуп, туман капташы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 3…5 градус суук болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG