Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Иран коңшуларына каршы “эч убакта күч колдонбойт”


Бул тууралуу Бахрейндин борбору Манама шаарында, Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук маселесине арналган форумда өлкөнүн тышкы иштер министри Манучер Моттаки билдирди. Анын ырастоосунда, өз коңшулары – мусулман өлкөлөрүнө каршы “эч убакта күч колдонбойт”.

Иран тышкы иштер министри ага катар чет өлкөлүк державаларды аймактагы кырдаалды дестабилдештирүүгө умтулуп жатканы үчүн айыптады. Бахрейндеги форумда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон да сөз сүйлөп, Вашингтон сыяктуу эле Ирандын коңшулары - араб өлкөлөрү да Тегерандын өзөктүк программасына тынчызданарын айткан. Клинтон ошондой эле Иранда 6-декабрда Женевада алты ири өлкө менен башталуучу сүйлөшүүлөрүндө ачык болууга үндөдү. Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай, Германия катышат.

XS
SM
MD
LG