Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Израилде төрт күндөн берки улуу өрт өчүрүлдү


Түндүк Израилдеги өрт өчүрүлгөнүн өрт өчүрүүчүлөрдүн башчысы Шимон Ромах билдирди. «Өрт көзөмөлгө алынды, чоң өрт очоктору калган жок», - деди ал. 41 кишинин өмүрүн алган өрттү өчүрүүгө Орусия, Түркия, Греция, Британия, Франция суу чачкан учактарды жиберишти. Палестин бийликтери жөнөткөн өрт өчүрүүчүлөрдүн бири Ибрагим Аяш Хайфа шаарынын жанында тилсиз жоо менен алышты:

- Биз бул жакта Кармел тоосундагы өрт менен күрөшкө жардамга келдик. Бул тынчтыкка кошкон салым, тынчтык болот деп үмүттөнөбүз.

Азыр өрт Ливанда күчөп жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG