Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Британия 2011-жылы Ооганстандан аскерлерин чыгарышы мүмкүн


Кабулга күтүүсүз сапар менен келген Лондон өкмөтүнүн башчысы Дэвид Кэмерон ушундай деп билдирди. Алдыдагы жыл туурасында айтсак, бул толук мүмкүн. Бүгүн мен көргөн иштер мага бу жагынан ишеним берет, деп айтты Кэмерон. Британдык тогуз жарым миңдей контингент Гилменд провинциясында жайгаштырылган. Алар өзүнө тагылган милдеттерди жакшы аркалай албай жатат деген пикирлерди Кэмерон четке какты. Британ премьери буга чейин эски планды колдоп келген эле. Ага ылайык контингент ооган жеринен 2015-жылы чыгарылмак.

XS
SM
MD
LG