Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Азия оюндарынан байгелүү кайткан спортчулар сыйланды


Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Кабыл Макешовдун "Азаттыкка" маалымдашынча, грек-рим күрөшү боюнча биринчи орун алган балбан Данияр Көбөновго15 миң доллар жана мэрия тарабынан үч бөлмөлүү үй берилди. Экинчи орунду ээлеген велоспортчу Евгений Ваккер жана грек-рим күрөшүнүн балбаны Каныбек Жолчубеков 10 миң доллар жана бир бөлмөлүү үй, үчүнчү орундагы балбан Жанарбек Кенжеев жана кайык айдоочу Александр Пароль 5 миң доллар жана бир бөлмөлүү үй алышты. Ошондой эле 10 жылдан бери грек-рим күрөшүндө ийгилик жараткан балбандарды машыктырган башкы устат, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкуловго акчалай сыйлык жана үч бөлмөлүү үй тартууланды. Сыйлык тапшыруу аземинде президент Роза Отунбаева өлкөдө экономикалык кыйынчылыктарга карабай, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчуларга ыраазычыгын билдирип, Лондон олимпиадасында алардын ийгилик жаратарына ишеним артарын билдирди.

Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөн Азия оюндарында Кыргызстандан 145 спортчу барып, алардын ичинен бешөө жеңиш менен кайткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG