Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Мугалимдердин иш таштоосу жайылууда


Кечээ Өзгөн районундагы 21 орто мектептин мугалимдери райондук акимиаттын алдына митингге чыгышкан. Акциянын катышуучусу Тургунбек Сарыбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, иш таштоого бүгүн бир нече айыл округдарынын мугалимдери кошулмакчы. Окутуучулар айлык акынын аздыгына, социалдык камкордуктун жоктугуна нааразылык билдиришүүдө. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ибадат Бекмаматова мугалимдерди класстарга кайтып барууга көндүрө алган жок.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда иш ташгтаган мугалимдерге 5 килограмм күрүч менен 5 литрден май берилген. Бирок мугалимдер нааразылык акциясын улантканы жатышат. 7-8-декабрь күндөрү облустун Сузак районунун мугалимдери да митингге чыгышкан.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мугалимдери келерки дүйшөмбүдө иш таштарын билдирүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча министр Канат Садыков ушул тапта түштүктө жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG