Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Нарында нааразылык акциясы өтүп жатат


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Нарын шаарынын борбордук аянтында 150-200 чамалаш киши чогулду. Алар облус губернатору Турдубек Мамбетовдун, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиевдин жана вице мэр Нурбек Молдокадыровдун кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Митингчилер буга көмүрдүн жетишсиздиги, облустун кышка даяр эместиги, шаардын ички көчөлөрүндөгү жолдордун оңдолбой калгандыгы жана жол оңдоодогу катачылыктар себеп болгонун белгилешүүдө. Чогулгандардын арасында айлык акынын аздыгына нааразы болгон мугалимдер да бар.

Митингчилердин алдына губернатор Т.Мамбетов чыгып, мугалимдердин айлыктары бюджетте каралып жаткандыгын, айрым маселелерди жергиликтүү бийлик чече албасын белгиледи. Бирок азыр чогулгандар тарай элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG