Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Коалиция түзүү сунушу үч партияга берилди


Парламенттик көпчүлүк түзүү мандатын колуна алган “Республика” фракциясы коалициялык келишимдин долбоорун “Ата-Журт” жана Социал-демократиялык партиясына тапшырды. Ал эми “Ар-Намыс” партиясына коалицияга кошулуу сунушу берилди.
“Республика” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жумушчу топтордун ишинин жыйынтыктары чыга баштады. Эми фракциялардын биригүү позициялары такталып жатат. 13-декабрь күнү фракция башчысы Өмүрбек Бабанов “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Акматбек Келдибеков менен жолугуп, коалицияга кирүү сунушун айтып, коалициялык келишимдин долбоорун тапшырды. Ушундай эле долбоор КСДПнын жетекчиси Алмазбек Атамбаевге бүгүн тапшырылды.

Социал-демократтардын парламенттик көпчүлүк түзүү аракети оңунан чыкпаган соң, президент Роза Отунбаева коалиция түзүү мандатын “Республика” фракциясына тапшырган. Аталган фракция төрт партиядан турган коалиция түзүүнү көздөөдө. “Республикачылар” 24-декабрга чейин коалиция түзүүгө жетишүүсү керек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG