Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Наримандагы окуяга байланыштуу соттолгондордун арызы каралат


Кара-Суу райондук милиция башчысынын өлүмүнө байланыштуу соттолгондордун доо арызы 22-декабрда каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаевди мыкаачылык менен өлтүргөн деп соттолгондордун жактоочулары соттун чечими менен макул болбой, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышкан. Натыйжада алардын арызы ушул жылдын 22-23-декабрында Ош облустук сотунда карала турган болду.

29-октябрда Кара-Суу райондук соту 13-июнь күнү Нариман айылында милиция башчысы жана анын айдоочусун өлтүргөн деп айыпталып жаткан он кишинин тогузун күнөөлүү деп таап, бешөө өмүр бою эркинен ажыратылып, бирөө 25 жылга, дагы үч айыпталуучу сегиз, беш жана төрт жылга түрмөгө кесилген. Ал эми айыпталуучулардын бири Дилшат Ахроровдун иши жалпы иштен бөлүнүп, атайын экспертизалык топко анын психикалык саламаттыгын аныктоо тапшырылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG