Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Июнь окуясын иликтеген Улуттук комиссиянын жыйынтыгы январга чейин белгилүү болот


Бул туурасында июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган окуяларды иликтеген Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, иликтөө иштери аяктап, керектүү болгон бардык материалдар топтолду. Комиссия мүчөлөрү ушул тапта материалдарды талдап, корутунду чыгаруунун үстүндө иштеп жатат. Улуттук комиссия ишин август айында баштап, иликтөөнүн жыйынтыгы ушул жылдын сентябрына чейин белгилүү болоору айтылган эле. Бирок иштин жыйынтыгы кечеңдеп кетти. Комиссия мүчөлөрү муну өлкөдөгү соңку саясий абал менен байланыштырууда.

Июнь окуяларын чыгуу себептерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуунун максат кылган бул комиссия ар кыл улуттагы коомдук ишмерлерлерден турат. Алгач Улуттук комиссиянын курамында 30 киши болсо, ушул тапта алардын 24ү ишти аягына чыгарып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG