Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Ысык-Көл: жергиликтүү бийлик башчыларын алмаштырбоо талабы коюлду


Ысык-Көл облусунун 5 район, 2 шаарынын тургундарынын бирдиктүү кабыл алган кайрылуусу президентке, парламентке жана өкмөткө жолдонду. Кайрылууда 17-декабрда парламенттин төрагасы шайланып, жаңы өкмөт курамы жарыялангандан бери облуста губернатор жана акимдер да алмашаары тууралуу имиш сөздөр тарап жатканы белгиленген. "7-апрелден кийин жаңы нукка түшүп келаткан багыттарды жана баштаган ишти аягына чыгаруу үчүн облустун район, шаар башчыларына мүмкүнчүлүк берүүңүздү сурайбыз, аларды азырынча кызматтан кетирүү чоң мүчүлүштүк болот",-деп жазылган кайрылууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" ардагер Муканбет Турдуманбетов маалымдады.

Кечээ Талас шаарында да элүүдөй адам нааразылык жыйынына чыгып, мурдагы бийликте иштеген аткаминерлерди жооптуу кызматтарга дайындабоону, апрелдеги ыңкылаптан кийин келген кадрларды алмаштырбоону талап кылышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG