Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Беларуста оппозиция демонстрация өткөрөт


Беларуста ушул тапта президенттик шайлоо өтүп жатат. Талапкерлердин арасында өлкөнү 16 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко да бар. Бир нече оппозиция талапкерлери бүгүнкү добуш берүү кечки саат 8де аяктагандан кийин шайлоочуларын Минскинин Октябр аянтына келүүгө чакырышкан.

Талапкерлердин бири, убагында тышкы иштер министринин орун басары болгон Андрей Санникау мындай жыйналышты эмне үчүн колдой тургандыгын "Азаттыкка" төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Шайлоо комиссиясы Лукашенконун пайдасына жыйынтык чыгараары турулуу. (Мыйзам иштеген) өлкөдө, мынча көп талапкер катышкан шайлоодон кийин, дароо экинчи айлампа жарыяланмак. Эгер Лукашенко бүгүн эле добуштардын жарымынан ашыгын алды деп жарыяланса, экинчи айлампа болбойт, демек бул алдамчылык, көз боёмоочулук. Биз буга нааразылык билдиребиз.

Пландалган акция тууралуу кабарга Лукашенко «Октябр аянтына эч ким болбойт» деп кыска жооп берген. Бүгүн сыналгыдан 56 жаштагы президенттин алты жаштагы баласы Колянын добуш берип жаткандыгы көрсөтүлдү.

Батыш өлкөлөрү Лукашенкону «добуштарды бурмалап, оппоненттерин кысымга алат, көз карандысыз маалымат каражаттарын баш ийдирип алган» деп сындап келишет. Байкоочулардын айтымында, шайлоодогу Лукашенконун атаандаштары ар кошкон, жеңип чыгууга даремети жепей турган оппоненттер.

XS
SM
MD
LG