Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Чүй облусунун губернаторун ордунда калтыруу талабы айтылууда


Ушул тапта Чүй облустук администрациянын алдына кеминде 500 адам губернатор Сагынбек Абдырахмановду өз ордунда калтырууну жаңы түзүлгөн өкмөттөн талап кылып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул демилгени колдоп жаткан “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев кабарлады. Жамансариевдин айтымында, нааразы тарап губернаторду “Республика” партиясы эмес, СДП сунушташы керек деп, муну социал-демократтардын шайлоо жараяндарындагы чоң рейтинги, ыңкылаптагы салымы менен түшүндүрүшүүдө.

Мурда таратылган бейрасмий булактарда парламенттик коалицияга кирген “Ата Журт”, КСДП жана “Республика” облустук бийликтердин жетекчилерин дайындоону ич ара бөлүшүп алгандыгы, Чүй облусу “Республика” партиясынын карамагына берилгендиги тууралуу маалыматтар таратылган болчу. Аталган партиянын өкүлү Кубат Болотканов Чүй облусунун губернатору “Республика” партиясынын сунушу менен дайындалары тууралуу маалыматты тастыктаган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG