Парламент 29 министрди жана өкмөт башчысы Нури ал-Маликини кызматка бекитти. Мындан тышкары терроризмге каршы күрөшүүгө жана экономиканы либералдаштырууга арналган программа да бекитилди. Иракта быйыл мартта парламенттик шайлоо болуп, ошондон бери өкмөт түзүлө элек болчу.