Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

Наримандагы кандуу окуя боюнча доо арыз каралат


Июнь коогасында Кара-Суу райондук милиция башчысынын өлтүрүлүшү боюнча айыпталып жаткандардын доо арызын бүгүн Ош облустук соту карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады.

Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаевди 13-июнда мыкаачылык менен өлтүргөн деп соттолгондордун жактоочулары сот өкүмү менен макул болбой, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышкан. 29-октябрда Кара-Суу райондук соту бул кылмыш иши боюнча он кишинин тогузун күнөөлүү деп таап, бешөөнү өмүр бою эркинен ажыратуу, бирөөнү 25 жылга, дагы үч айыпталуучуну сегиз, беш жана төрт жылга түрмөгө кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Айыпталгандардын бири Дилшат Ахроровдун иши жалпы иштен бөлүнүп, атайын экспертизалык топко анын психикалык саламаттыгын аныктоо тапшырылган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG