Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:23

Ошто Наримандагы кандуу иш боюнча доо арызды кароо уланат


Доо арызды кароо 22-декабрь күнү башталган. Кара-Суу районунун милиция башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу, милиция кызматкери Уран Шамурзаевди 13-июнда мыкаачылык менен өлтүргөн деп соттолгондордун жактоочулары сот өкүмү менен макул болбой, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышкан болчу. 29-октябрда Кара-Суу райондук соту бул кылмыш иши боюнча он кишинин тогузун күнөөлүү деп таап, бешөөнү өмүр бою эркинен ажыратуу, бирөөнү 25 жылга, дагы үч айыпталуучуну сегиз, беш жана төрт жылга түрмөгө кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Айыпталгандардын бири Дилшат Ахроровдун иши жалпы иштен бөлүнүп, атайын экспертизалык топко анын психикалык саламаттыгын аныктоо тапшырылган эле. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG