Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Өкмөт башчы Ошто


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдаганы боюнча, премьер-министр Алмазбек Атамбаев Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүндө болду. Ал аймактагы 55 үй курулуп жаткан Алым-Төбө айлындагы курулуш иштери менен таанышты, мындан тышкары ошол эле айыл өкмөттө курулары максат кылынып жаткан Адигине кичирайону жайгашуучу жерге барды.

Премьер-министр бүгүн Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Ишкаван айыл өкмөттөрүнө барары, июнь окуясында набыт болгондордун жакындары тарабынан түзүлгөн “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушары күтүлүүдө. Алмазбек Атамбаев Оштогу турак-жайы жок, үй куруу үчүн жер талап кылып жаткан эл менен да жолугушуп, алардын арыз-муңдарын укмакчы.

Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп 17-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган. Ал өкмөт башчы катары расмий иш сапарын Ош облусунан баштады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG