Бул жыйын Кыргызстанда болгон июнь коогалаңынан кийин тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө арналып, 2010-жылы күзүндө Ысык-Көлдө өткөн жыйындын уландысы болмокчу. Мындай келишимге Стамбулда өтүп жаткан саммит алкагында Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен Түркиянын лидери Абдулла Гүл кол койду.
Эки мамлекет башчыларынын 23-декабрдагы жолугушуусунда Түркиянын президенти Абдулла Гүл кыргыз президентин парламенттик көпчүлүк коалициясынын түзүлүшү жана өкмөттүн куралышы менен куттуктап, өлкөгө мындан ары өнүгүүнү каалады. Мындан тышкары тараптар экономикалык тармактагы кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (ZKo)