Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Ажайып дүйнөнү кантип сактоону Ватикандан үйрөнсөк болот


Туристтер көөнө гректердин “Лаокоон” айкелин (Gruppo del Laocoonte) маашырланып көрүп, гиддин сөзүн угуп жатышат. Ватикан, 2010-жылдын 21-декабры. Тынчтык Чоротегин, “Азаттык” үналгысы.
Туристтер көөнө гректердин “Лаокоон” айкелин (Gruppo del Laocoonte) маашырланып көрүп, гиддин сөзүн угуп жатышат. Ватикан, 2010-жылдын 21-декабры. Тынчтык Чоротегин, “Азаттык” үналгысы.

“Бардык жолдор Римге барат” деген макалдын “күчүн” эч сезе элек болчумун. Мен үчүн жолдун баары Ала-Тоого гана жетелечү. Эми туз буюруп, Римге да, анын чордонундагы Ватикандын ажайыпканасына да келип жеттим...

Бала чакта Кеӊеш Жусупов агайдын Италия сапары тууралуу китебин “тытып” окуганым эсимде. Көрсө, ал китеп Италиянын ажайыпканалары менен саякатчы катары кездешүүмө алгачкы өбөлгө болгон экен.

Римге карай сапарга аттанаарда жолкитептердин бир нечесин барактадым, андан тышкары ыраматылык акын Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана менен алдын-ала кат алышып, анын кеӊешин уктум.

Гүлсана ушул тапта Италияда байырлайт. Римде да ал конок үйүбүзгө келип үй-бүлөбүз менен жолугуп, кайсы жакка качан жана кантип бараарыбызды тактап айтып берди.

Ватикан биз бара турган башкы жерлерден экенин угуп, Гүлсана жактыргандай башын ийкеп койду. Бул жакка өтө эрте туруп баруу керектигин, кезек өтө чоӊ экенин эскертти. (“Анын чоӊдугу Лениндин мавзолейинин – көрүстөнүнүн жанындагы 1970-80-жылдардагы кезектикине жетпесе керек” деп ойлоп койдум).

Ватикан – дүйнөдөгү эӊ чакан мамлекет.

Ал 1929-жылы 11-февралда негизделген. Бул маалыматты, албетте, “бешиктеги бала” деле билет деӊизчи.

Биздин жол көрсөткүчүбүз - теги америкалык Жилл деген кыз болду. Ал өтө уккулуктуу, мазмундуу жана азил аралаштырып баяндаган мыкты гид болуп чыкты.

Католиктер үчүн Ватикан Рим папасы отурган башкы шаар.

Мен үчүн болсо Ватикан көркөм өнөрдү кантип аздектөө жана сактоо керектигин жалпы адамзатка көрсөткөн өрнөктүү устаканадай сезилди.

Ватикандагы “Сикст капелласына” (Cappella Sistina) карай бараткандагы залдардын биринин шыбындагы сүрөт. Ватикан, 2010-жылдын 21-декабры. Т.Чоротегин, “Азаттык” үналгысы.





Айтылуу папа Сикст Төртүнчүнүн ысымынан улам “Сикст капелласы” деп аталган сыйынуу бөлмөсү ушунчалык тереӊ таасир калтырды.

Гид кыздын айтымында, бул капелладагы сүрөттөрдү сактоо, калыбына келтирүү жумуштарын аткарып берген жапон компаниясы автордук укукту да сатып алгандыктан, бул капелладагы сүрөттөрдү тасмага жана сүрөткө тартууга эч уруксат эмес экен.

Болбосо, башкасын жөн койсом да, Микеланжело тарткан шыптагы туташ сүрөттөр жыйындысындагы Кудайдын өз колу менен денесин жараткан Адам Атага сөөмөйүн сунуп жан киргизип жатканы жөнүндөгү ажайып сүрөттү сөзсүз тартып алмакмын.

Гиддин айтымында, бул сүрөттө Кудай жайгашкан кырмызы жай тууралуу талащ-тартыш уланып келет (бирлери аны кишинин мээсине окшоштурса, айрымдары эненин жатынына окшоштурушат экен).

Албетте, мусулмандар киши сүрөтүн тартууга, Кудайды жана пайгамбарларды сүрөт аркылуу элестетүүгө эзелтеден тыйуу салышкан. Батыш Европадагы Мукамбетти карикатура кылып тартуу аракети канча нааразылык жаратканын жакшы билесиздер.

Ватикандагы сүрөттөр болсо христиан (тарса) дининдегилерди көркөм өнөр каражаты аркылуу өзүнө тартат экен.

Улам бир сүрөткө тигилип аӊырайып жүргөндөрдүн арасынан европалык тарсаларды гана эмес, Ыраакы Чыгыштан келген жапондорду, кытайлыктарды жана азиялык мусулмандарды (маселен, араптар менен ирандыктарды) да учураттым.

Карысы да, жашы да, эркеги да, ургаачысы да, тентеги да, жоошу да, семизи да, арыгы да, сулуусу да, серти да, айтор, келгендердин баары теӊ Микеланжелонун, Рафаелдин жана башка чыгаандардын устаттык эмгектерине таазим кылып, таӊданып, кубанып, шыктанып тигилип жатышты.

Бул жакка келгендин баары теӊ динине, расасына, улутуна карабастан Ватикандын ажайыпканасын өз ажайыпканасы катары кабыл алгысы келет болуш керек.

Анткени мындагы чыгармалар Кудайга табынган кишилердин баары теӊ (арасында тозокко түшүп жаткандары да) бир гана адамзаттын, Адам Ата менен Обо (Ева) эненин кулундары экенин баса белгилеп, бардык кишилер орток тагдырга ээ экенин, жамандыкты жеӊип, жакшылыкты көздөй тазалык, аруулук менен умтулуу керектигин насаат кылып, өнөрдү, ойлоп табуучулукту, дареметтүүлүктү даӊазалап турат.

Алиги жол көрсөткүч кыздын “Ватикандагы бардык сүрөттөр менен бедиздердин чоо-жайын 30 секунддан эле үӊүлө карап өтүү үчүн кеминде 12 жыл коротушуӊуз керек” деген сөзү да эске түшүп, аргасыздан жылмайтты. Азырынча мен ошол Ватиканды үйрөнүү үчүн арнала турган 12 жылдын бир гана күнүн короттум...

“Ватикан! Сага кайрылып келээрмин!” деп ичимден ойлоп койдум.
XS
SM
MD
LG