Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Сот Михаил Ходорковскийдин өкүмүн угузат


Бүгүн Москванын райондук сотунда мурдагы ЮКОС компаниясынын башчысы Михаил Ходорковский менен "МЕНАТЕП" ишканасынын мурдагы жетекчиси Платон Лебедевге каршы козголгон экинчи кылмыш ишинин өкүмүн угузуу башталат.

Башында өкүмдү угузуу 15-декабрга пландалып, бирок эч себепсиз сот иши кийинкиге калтырылган. М.Ходорковскийдин үй бүлөсү сот аны актаарына ишнбей тургандыгын билдирди.

Орусиядагы эң бай ишкер саналган М.Ходорковскийге 25 миллиард АКШ долларын уурдаган деген жаңы кине коюлууда. Ал учурда мурунку 8 жылдык абактагы мөөнөтүн өтөөдө.

16-декбарда сыналгыдагы түз эфирде премьер министр В.Путин М.Хдорковский тууралуу суроого жооп берип жатып «ууру түрмөдө отурушу керек» деп айткандан кийин көз карандысыз тараптар аны сотко болгон басым катары баалаган.

XS
SM
MD
LG