Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Атамбаев Путинди энергетика тармагында кызматташууга чакырды


Кыргызстан Россия менен бирдикте энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну жана Россия, Казакстан, Белорус курамындагы Бажы союзуна кошулууну каалайт. Бул жөнүндө премьер-министри Алмазбек Атамбаев бүгүн Москвада премьер-министр Владимир Путин менен болгон жолугушууда айтты. Путин 2009-жылы эки өлкө аралык соода начарлап кеткенин, бирок өткөн он айда соода кескин өскөнүнө көңүл бурду. Атамбаев жаңы өкмөт башчы катары биринчи иш сапарын Россиядан баштады. Ал Бишкектен Москвага бүгүн эртең менен жөнөп кеткен.

XS
SM
MD
LG