Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Батыш М.Ходорковскийге карата сот чечимин айыптоодо


АКШ М.Ходорковскийге карата чыгарылган соттун өкүмү эки тараптуу алакаларга залакасын тийгизерин билдирди. Президенттин маалымат катчысы Роберт Гиббс «Биз орусиялык соттун Михаил Ходорковксий менен Платон Лебедевди экинчи ирет күнөөлүү деп тапканына терең тынчсызданып жатабыз», деп айтты.

Вашингтондогу Ак үй ЮКОСтун ишин карап жатканда сот мыйзам чегинен чыгып, өтө аша чапкандыкка барган деген көз карашты расмий билдирет. Ошондой эле соттун чечими Орусиядагы мыйзам үстөмдүгүнө шек туудуруп эки тараптуу мамилерге залалын тийгизүүсү мүмкүн.

Германиянын тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Гидо Вестервелле сот чечимин «модернизация жолунда артка кадам» катары баалап, «орусиялык өнөктөштөр биздин кабатырланууларга тыкыр көз салып, укуктук мамлекетте демократиялык жана адам укуктарын коргоосу керек» деп кошумчалады.

Франциянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бернар Валеро президент Д.Медведев менен укуктук мамлекетти бекемдөө Орусиянын модернизация жолундагы зарыл шарт экендиги тууралуу сүйлөшкөнүн эскертти.

Улуу Британиянын тышкы иштер министрлигинин интернет сайтында «Орусиянын эли жана келечеги бийликтен же башка кайсы гана күчтөн болбосун көз карандысыз соттук система болгондо гана утат», деп жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG