Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Бишкектиктердин “Түндүк электрого” 169 млн. сомдон ашык карызы бар


2010-жылдын декабрь айына карата Бишкек шаарындагы абоненттердин электр кубаты үчүн “Түндүк электр” акционердик коомуна болгон карызы 169 миллион 833 миң сомго барабар болду. Алардын ичинен шаардын калкынын карызы 88 миллион сом болсо, өндүрүштүк топтогу абоненттердики 23 миллион, калган абоненттер 47 миллион сом карыз болуп турган чагы. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттен камсыздалган мекемелер 10 миллион сомдон ашык каражатты электр энергиясы үчүн төлөшө элек . “Түндүк электр” акционердик коому карызды төлөбөгөндүгү үчүн бир күндө кеминде эле миңге жакын абонентке электр берүүнү токтотуп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG