Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

АКШ Казакстанда референдум өткөрүү демилгесин сындайт


Казакстандагы АКШ элчилиги тараткан билдирүүдө АКШ бийлиги «Казакстандын Баш мыйзамында көрсөтүлгөн президенттик шайлоону референдум менен алмаштыруу бул өлкөдөгү демокартиянын артка кадамы» катары баалары айтылат.

Ошондой эле АКШ өкмөтү «Казакстан бийлиги менен жарандары өлкө кабыл алган эл аралык милдеттемелерин сыйлоосу өтө маанилүү» экендигине ишеним артаарын көрсөтөт.

Өткөн айда демилгечи топ казак президенти Н.Назарбаевдин мөөнөтүн 2020-жылга чейин референдум аркылуу узартып, 2012-жылдагы шай лоону кыйгап өтүүнү сунуштаган. Учурда демилгечи топ өлкөдө референдум өткөрүү үчүн зарыл 20 миң кол топтоого киришти. "Азаттыктын" казак кызматы ушул тапта 2 миллиондон ашуун кол топтолгондугун кабарлады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG