Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Өзбек газынын баасы былтыркыдан арзан болот


Бул тууралуу Энергетика министри Аскарбек Шадиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Шадиев азырынча газдын миң куб метри канчага бааланары белгисиз экенин, учурда Ташкенде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Минстрдин айтымында, Кыргызстандын Өзбекстанга газ боюнча карызы жок.

“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынан “Азаттыкка” билдиришкендей, аталган ишкананын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кечээ Ташкенге кайрадан жөнөп кеткен. Маалыматка караганда, Өзбекстан газдын миң куб метрин 250 доллардын тегерегиндеги акчага сатууну көздөп жатат. Министр Шадиев маалымат жыйында сүйлөшүүлөрдөн кийин өзбек тарап бул баадан кыйла түшкөнүн кабарлады. Ал эми кыргыз тарап ушундай өлчөмдөгү газды 140 доллардан сатып алууга ниеттенүүдө. Былтыр Өзбекстан Кыргызстанга газдын миң куб метрин 240 доллардан саткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG