Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Кыргызстанда Кытай жарандары көбөйүүдө


Кыргызстандын ири базарларында да кытайлыктардын саны кыйла арбыганы айтылууда. (Сүрөттө: Кара-Суудагы Туратали базары.)
Кыргызстандын ири базарларында да кытайлыктардын саны кыйла арбыганы айтылууда. (Сүрөттө: Кара-Суудагы Туратали базары.)

Бишкектин кыймылсыз мүлк агенттиктери шаарда батирлерди ижарага алгандардын көпчүлүгү Кытай жарандары экенин жарыялашты.

Андан тышкары өлкөдөгү ири базарларда да кытайлыктардын саны кыйла арбыганы айтылууда. Жергиликтүү серепчилердин айтымында, кытайлыктардын көбөйүшү өлкө демографиясына кескин таасирин тийгизиши ыктымал.

Батир жалдагандардын кырк пайызы кытайлар

Кыргызстанга Кытайдын Үрүмчү шаарынын 24 жаштагы Чу Чу Вен мындан алты жыл мурда келген. Ал Кыргызстанда окууну аяктап, учурда “Таатан” соода борборунда иштеп жаткан чагы. Биздин маектеш Кыргызстанда документтериң эле туура болсо, иштөө Кытайга караганда алда канча жеңил экенин айтат. Анча-мынча кыргызча үйрөнүп жаткан Чу Чу Вен Кыргызстанга досторунун чакыруусу менен келип калганын белгиледи.

- Мен Кыргызстанда дагы 2-3 жыл иштейм деп ойлоп атам. Биз Кыргызстанга бир жылдык виза менен келебиз. Бишкекке келген себебибиз – бул жакта иштөө аябай оңой. Бул жакта документтериң туура болсо эле болду. Мен келгенде тааныштарым бул жакта кытайлар 10 миңдей деп айтышкан. Азыр андан көбүрөөк болсо керек. Мага Кыргызстандын жаратылышы абдан жакты. Таза аба, таза суу. Ден соолукка да жакшы. Ал жакта биз шаарда жашайбыз, мындай жаратылыш Кытайда аз. Азыр кытайлар арасында кыргыз кыздарга үйлөнгөндөр да бар. Эки-үч жума болуп калды, “Таатанда” иштеген бир кытай кыргыз кызга үйлөндү.

Кытайларды сүйлөтүш жеңил турган жок. Чу Чу Венден мурда бир топ кытайларга микрофон сунуп жооп ала алган жокмун. Ал эми Кыргызстанга келген кытайлардын белгилешинче, кытайлыктардын көбү батирди ижарага алышат. Алар көбүнесе топ-топ болуп жашашат экен.

Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк агенттиктери батир ижарага алган чет элдиктердин басымдуу бөлүгүн кытай улутундагылар түзөөрүн бегилешет. Муну Бишкектеги “Площадь” кыймылсыз мүлк агенттигинин өкүлү Зарина Баяманова да тастыктады:

- Батирди ижарага алган чет элдик жарандардын 40% кытайлар түзөт. Студенттер, иштегендер келет. Баары бир кытайлар көп.

Жергиликтүү серепчилер кыргыз баш болгон башка улуттар сыртка агылып жаткан чакта, кытайлыктардын көбөйүшү өлкө демографиясына кесепети тийиши ыктымалдыгын айтышууда. Ал тургай бул көрүнүштү Кытайдын жылжыма саясаты катары да сыппаттагандар жок эмес. Кооптуу жагдай катары биринчиден ишкердик айтылууда.

- Кытайлар товарды өздөрү алып келишет. Биз тээ Кытайдан алып келген баада бул жерде сатып жатышат. Эми Кырыгзстан резина эмес да, азыр “Дордойдо” кыргыздан кытай көп. Жалпы саны 40 миңден ашты окшойт - деди “Дордой” базарында соода кылган Зуура аттуу айым.

Бир жылда 7 миң кытай

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги Кыргызстанда 40-50 миң кытай эмгектенет деген айрым маалыматтарды четке кагат. Министрдин орун басары Алик Байбөрүевдин айтымында, өлкөгө кирген кытайлык жарандардын басымдуу бөлүгү соода тармагында иштейт.

- 2010-жылы 7 миң 250 кытайдын жарандары жумушка уруксат алган. Жалпысынан чет элдик жарандар үчүн 10 миң 286 орун берилген. Ошонун ичинен 7 миң 250сү Кытай жарандары.

Мамлекеттик катоо кызматынын чет элдик жарандарды каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Октябр Апазов өткөн жылы 42 кытайлык жаран Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксат алган. Ал эми каттоосун узарткандар 17 миңден ашуун. “Бир эле киши эки-үч жолу виза алып калышы ыктымал, ошол себептүү да саны өсүп кеткен”- дейт Октябр мырза:

- Визасын узартканы 18 миң 623, туруктуу жашоого 42, убактылуу жашоого уруксат 16 кишиге берилген. Өткөн жылга салыштырмалуу өтө чоң деле өсүш жок, бир калыпта эле келип атат.

Демографияга таасири

Мында экинчи кооптуу жагдай катары кытайлыктардын демографияга тийгизген таасири айтылууда. Ушундай пикирди кармангандардын катарында саясат талдоочу Марат Казакпаев турат.

- Демография факторунан алганда коркунуч бар. Мына кытайлыктар келип атат, бул жакта калып атат, үйлөнүп атат, жашап атышат. Кытай экспо деп коёбуз да, мындай карасак жалаң эле кытайлар иштеп атат. Кичине жөнгө салыныш керек да.

Ал ортодо мындай пикирлерге толук кошулбагандар да бар. Маселен “Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиев кытайлар бир гана Кыргызстан эмес дүйнө жүзүнө тараганын белгилесе, журналист Жаныбек Жанызак учурда кытайлардын Кыргызстанга кирген жолун бууп коюу мүмкүн эместигин айтат.

- Кыргыз өзү сата албаса ким келиш керек? Мыйзам түрдө баланча улут, түкүнчө улутка тийбесин же алабсын деген мыйзам чыгараласыңбы ушул дүйнөдө жашап туруп. Макул коркобуз. А кантип жаап коёбуз? Мисалы мен китеп чыгарып атам да э. Анын мукабасы жалаң кытайдыкы, кытайдын принтери, кытайдын фото кагазы, кытайдын сырлары. Кыргыздын фото кагазы, сырлары барбы? Токтотуу аракетин мен мисалы колдой албайм.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өлкөгө алгачкылардан болуп кытайлык уйгурлар келе баштаган. Азыркы тапта нукура кытайлар да келип атат. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 10 миңге жакын кытай жарандары болсо, расмий эмес бул сан 50 миңден ашуун деп айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG