Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:41

Иранда реформист саясатчы кармалды


Saham News интернет-сайтынын кабарына караганда, мурдагы Билим берүү министри Мортеза Хажи шаршембинин түнү кармалып, Тегерандагы Евин түрмөсүнө жеткирилген. Ал өлкөнүн мурдагы президенти Мухаммад Хатаминин жакын санаалаштарынын бири катары белгилүү. Мортеза Хажи эмне үчүн камалганы азырынча айтыла элек. Иранда акыркы ирет президенттик шайлоо өткөндөн бери жүздөгөн реформист саясатчылар түрмөгө отургузулган.

XS
SM
MD
LG