Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Сүлүктүдө 300дөй кенчи нааразылык жыйын өткөрдү


Бул тууралуу "Сүлүктү көмүр" ачык типтеги акционердик коомунун башкы директору Раимбек Назаров билдирди. Анын айтымында, Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдына чогулган 300дөй кенчи аталган ишканага жаңы жетекчинин келишине нараазылыгын билдиришкен. Чогулгандар менен шаар мэри Жамалидин Калакулов жолугушуп, тоо-кенчилердин койгон талабын кийинки апта башында териштирерин айтып тараткан. Кенчилер бийликке 3 талап коюшту. Алар: аталган мекемеге азыркы иштеп турган жетекчини ордунда калтыруу, директорлор кеңешин мурда белгиленгендей 2011-жылдын 11-апрелинде гана өткөрүү жана "Сүлүктү көмүр" ишканасынын 45 пайыздык акциясын мамлекеттик мүлк фондунан кызматкерлерге өткөрүп берүү. Анткен менен облустук акимчилик митингге чыккандардын саны 100гө чукул экендигин белгилеп, алардын маселеси дүйшөмбү күнү кайрадан караларын билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG