Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Нарында калктын электр кубаты үчүн карызы өсүүдө


“Чыгыш электр тармактар” ишканасынын Нарындагы филиалынын жетекчисинин орун басары Атабек Абылгазиевдин маалымдашынча, учурда нарындыктардын бересеси 183 миллион сомго жакын. Бул карыздын ичинен 52 миллион 770 миң сомго чукулу элге берилген жеңилдиктердин эсебинен.

13-январда Нарындагы “Мекен үчүн” кыймылы нааазылык жыйынын өткөрүп, анда жеңилдиктерди калыбына келтирүү маселесин көтөрүп чыгаарын маалымдады.

Тоолуу аймактарга электр кубатынан кышкысын 110 кВт, жайкысын 50кВт берилүүчү жеңилдиктер мурдагы бийлик учурунда алынып, апрель окуясына алып келген нааразычылыктарды жараткан себептердин бири болгон. Бийлик алмашкан соң Убактылуу өкмөт жеңилдиктер калыбына келтиригенин билдирген. Жеңилдиктердин негизинде кайра эсептөөлөр болорун президент Роза Отунбаева өткөн жылдын сентябрь айында Нарынга жасаган иш сапары маалында айткан. Бирок ал убада аткарылбай, натыйжада элдин электр кубатына болгон карызы өсүүдө. (JI)

XS
SM
MD
LG