Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Дагестандагы террактан каза болгондор саны төртөөгө жетти


“Интерфакс” агенттигинин билдиргенине караганда, жардыруудан жабыр тарткандардын бири ооруканада каза тапты. Учурда жарадар болгондордун тогузу дарыланып жатат, бешөөсүнүн абалы оор. Жардыруу жума күнү кечинде Хасавюрт шаарындагы кафелердин биринде болгон. Иликтөө кафенинин жанында токтотулган автоунаанын ичине коюлган бомба жарылганын көргөздү. Бул окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин “терроризм” деген беренеси боюнча иш козголду.

XS
SM
MD
LG