Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Ооганстан Иранды күйүүчү май бербей жатканы үчүн сындады


Өлкөнүн Герат шаарында бүгүн 300дөй адам Иранды бир аптадан бери Ооганстанга күйүүчү май ташуучу унааларды өткөрбөй жатышына каршы нааразылык акциясына экинчи ирет чыгышты. Алар көтөрүп жүргөн ураан-чакырыктар арасында “Иранга өлүм” деген да жазуулар болду.

Бул аралыкта Кабулдан өлкөнүн соода министри Анвар ул-Хак Ахадинин билдиргенине караганда, Герат шаарынан 100 чакырымдай алыстыка, чек арада күйүүчү май куюлган 2000 миңдей цистерна өткөрүлбөй турат. Күндө алардын кырктайына эле кетүүгө уруксат берилүүдө.

-Алар чек арада биздин автоцистерналарды токтотуп жатышат. Бул жеке секторго чоң зыянын келтирүүдө. Биз Иран менен сүйлөшүүнү улантып жатабыз. Алар келтирген жүйөө бизди ынандырган жок.

Иран тарап болсо Ооганстанга күйүүчү майдын аз кетип жатышын техникалык проблема менен түшүндүрүүдө. Ооган соода министри Ахадинин айтымында, Кабул Казакстандан 200 миң тонна өлчөмүндөгү күйүүчү майдын ага тезинен сатууну суранды.

XS
SM
MD
LG